• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Элчи Бекназаров Малайзия ТИМинин Протокол департаментинин башчысына ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. КР элчиси Азимбек Бекназаров Малайзия Тышкы иштер министрлигинин Протокол департаментинин директору Ван Заиди бин Ван Абдулла мырзага ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ташпыруу аземи 2020-жылдын 5-мартында Куала-Лумпур шаарында өткөн.

Аземдин жүрүшүндө элчи А.Бекназаров Ван Заиди бин Ван Абдулла мырзага Кыргызстандагы азыркы кырдаал жөнүндө айтып берди, ошондой эле Малайзия менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө түрткү берүүдө кыргыз тарабынын жогорку кызыкдарлыгы жөнүндө билдирди.

ТИМдин Протокол департаментинин башчысы КРнын жаңы элчисине алдыга коюлган пландарынын ишке ашырылышына ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий