• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Элчи Болот Отунбаев «Project C.U.R.E.» уюмунун президенти менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. 11-июнь күнү Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев «Project C.U.R.E.» уюмунун президенти Дуглас Жексон менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен «Project C.U.R.E.» уюмунун кызматташуу маселелерин талкуулашкан.

"Элчи Б. Отунбаев Д. Жексонго жаңы саламаттык сактоо объекттерин куруу, ошондой эле лабораторияларды өркүндөтүү үчүн мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ошол эле учурда, медициналык мекемелер үчүн жаңы жабдыктарды жана жабдууну сатып алууга каражаттын жетишсиздигине көңүл бурду", -деп билдиришти министрликтен.

Отунбаев кыргыз тараптын «Project C.U.R.E.» уюму менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыгуусун билдирип, Д. Жексон мырзаны Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырган.

Уюмдун президенти Жексон чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн медициналык мекемелерине жардам берүү долбоорлору боюнча Кыргызстан менен кызматташууга даяр экендигин айткан.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакынкы келечекте саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү бир катар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашкан.

Пикир

Оставить комментарий