• 86.5
  • 91.38
  • 0.86

Айдарбеков Катар ТИМинин алдындагы Дипломатиялык институттун ректорун кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 24-июнь күнү тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык институттун ректору, доктор Абдулазиз бин Мохаммед Аль-Хорду кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2018-жылдын 28-февралында Доха шаарында кол коюлган Меморандумдун алкагында КРнын Тышкы иштер министрлигинин К. Дыйканбаев атындагы Дипломатиялык Академиясы менен Катар Мамлекетинин ТИМинин алдындагы Дипломатиялык институттун ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланган.

"Профессордук-окутуучу курамдардын ортосундагы тажрыйба алмашуу жана 2019-жылы Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Катардын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 21 жылдыгына арналган «Кыргызстан менен Катардын ортосундагы кызматташуунун абалы жана келечеги» темасында тегерек стол өткөрүү боюнча макулдашууларга жетишилди", - деп айтылат маалыматта.

Айдарбеков ТИМ Дипакадемиясынын техникалык базасын чыңдоого көрсөткөн жардамы үчүн ректорго ыраазычылык билдирген.

Пикир

Оставить комментарий