• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Айдоочулардын эсине! Өлкөдөгү ашууларда кар

Аймак 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуусунда кар жаады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жолдорду тазалоо, инерттик материалдарды чачуу жумуштары жүрүп жатат. Каттам бар.

Ушундай эле кырдаал Өтмөк ашуусунда орун алып, кум себүү иштери аткарылууда. Жол ачык.

Министрлик өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий