• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Жалал-Абад облусунун 5 тургуну диний-экстремисттик уюмдан баш тартты

Аймак 0


Бишкек, 20.02.23./Кабар/. Жалал-Абад облусунун 5 тургуну "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 51 жаштагы Ю.А.К., 49 жаштагы Ч.Х.Т., 48 жаштагы М.Р.И., 47 жаштагы К.М.М., жана 29 жаштагы П.С.А. атуу тургундары экстремисттик идеологиядан баш тартышкан. Бул адамдар мурда "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан.

Жогорудагы жарандар өздөрү тандап алган диний багыттын туура эместигин моюнга алып, жарандарды "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырып, Кыргызстандын аймагында аталган уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий