• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош шаарынын мэринин жаңы жылдык балатысы өттү. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында бүгүн, 26-декабрда Ош шаарынын мэринин балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы болуп өттү.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов калаанын жаш тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, бекем ден соолук, кубаныч жана окууларына ийгиликтерди каалады.

Майрамдык салтанатка 500гө жакын социалдык жактан аялуу жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана ар кандай сынактарда, олимпиадаларда жеңишке жеткен окуучулар катышты.

Балдар үчүн шаардык маданият башкармалыгы жана “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору тарабынан жаңы жылдык театралдаштырылган оюн-зоок, майрамдык концерттик программа уюштурулду.

Иш-чаранын аягында аларга жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий