• 87
  • 90.41
  • 0.84

Айдоочулардын эсине! Кыргызстанда терезесин караңгылатып алгандарга карата рейд жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда автоунаасынын терезесин сыйзамсыз караңгылатып алгандарга карата рейд башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) билдирет.

Башкармалыктын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери 20-декабрдан 31-декабрга чейин унаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылатып алгандарды аныктайт.

"Тонировка" рейдинин жүрүшүндө ошондой эле тиешелүү уруксатсыз кайра жабдуулар колдонулган транспорт каражаттарын башкарган айдоочулар аныкталып, жоопкерчиликке тартылат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий