Арабаев атындагы университетте Айтматовдун элеси түшүрүлгөн стела орнотулду. Сүрөт

Коом 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элеси түшүрүлгөн стела орнотулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлашты.

Стела жазуучунун 95 жылдык мааракесине карата М.Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун доценти Жанышбек Жамурзаевдин демилгеси менен уюштурулган.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө КМУнун ректору Айгүл Абдраева Роза Айтматовага Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгы юбилейлик медалын тапшырды.

Ошондой эле КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, М.Р. Рахимова атындагы ККББИнин табигый-математикалык билимдер кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу Жанышбек Жамурзаевге КРнын УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тилдер жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев Ардак грамота тапшырды.

Иш-чарага ЖОЖдун проректорлору, курам жетекчилери жана студенттер катышты.

Пикир

Оставить комментарий