• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Россиянын Самара шаарында кыргызстандыктар үчүн консулдук кызматтар көрсөтүлөт. Дареги

Коом 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 23-24-декабрь күндөр Россия Федерациясынын Самара шаарында Кыргызстандын жарандарына жеринде консулдук кызматтар көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын РФдагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын жүрүшүндө Кыргызстандын улуттук паспортторун алууга/алмаштырууга арыздар кабыл алынат.

Жарандарды кабыл алуу Самара ш., Калинина, көч. 1-үй (2-кабат), "Манас-Ата" кеңсесинде жүргүзүлөт.

  • Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн ишеним телефону: +7 (925) 115-50-47;
  • Акылбек Кудуев – Самара облусундагы кыргыз диаспорасынын лидери: +7 (927) 260 34 84 (Самара шаарындагы консулдук кызматтын дарегин жана убактысын тактоо үчүн).

Элчилик Россия Федерациясынын Самара облусунда жашаган туугандарына жана жакындарына Самара шаарында пландалган жеринде консулдук кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат берүүнү өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий