Бишкекте 9-майда өтүүчү "Өлбөс полк" иш-чарасы учурунда айрым көчөлөр жабылат

Коом 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Бишкекте 9-майда өтүүчү "Өлбөс полк" иш-чарасы учурунда айрым көчөлөрдүн бөлүктөрү жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара саат саат 9:00дө башталып, болжол менен саат 13:00 гө чейин созулат. Андыктан төмөнкү көчөлөрдүн бөлүктөрү убактылуу жабылат.

- А. Токомбаев көчөсүнүн Байтик-Баатыр көчөсү менен кесилишкен бөлүгү;

- Байтик Баатыр көчөсүнүн түндүктү көздөй Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Жумабек көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү:

- Ибраимов көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Милициянын кайгуул кызматы шаар тургундарын жана конокторду иш-чара учурунда жогорудагы көрсөтүлгөн жолдорду эске алуу менен маршурттук каттамыңыздарды алдын ала пландап алууну суранат.

"Ошондой эле иш-чара учурунда акредитациядан өтпөгөн массалык маалымат каражаттарынын окүлдөрүнөн учуучу аппараттарды (дрон, видео фото сүрөттөрүн) камтыган каражаттарды колдонбоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, иш-чаранын жүрүшүндө милициянын кайгуул кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун толук кандуу камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий