• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Айдоочуларга эскертүү! Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрү убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 21-ноябрда Кыргызстан — Оман футбол курама командаларынын беттешин өткөрүүгө байланыштуу Бишкекте Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун аймагында унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Ошентип, төмөнкү көчөлөрдө саат 14:00 до 22:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилет:

  • Тоголок Молдо көчөсү — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсунө чейин;
  • Фрунзе көчөсү — Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды каттамды алдын ала тандоого жана мындай чараларга түшүнүү менен кароого чакырат.

Оюн саат 19:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий