• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Иманалиев: Мектеп директорлорунун коррупцияга шектелип кармалышы билим берүү тутумуна доо кетирди

Коом 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Мектеп директорлорунун коррупциялык көрүнүштөргө аралашып, кармалышы бүтүндөй билим берүү тутумуна доо кетирди, деди билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев бүгүн Бишкекте өткөн балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылуу кепилдиги боюнча кеңешмеде.

Министр жыйында сүйлөгөн сөзүндө мектеп директорлору улуттун келечеги саналган бүтүндөй муунду тарбиялап жаткан эмгек жамаатын жетектеп, лидер болгон соң, аларга карата талаптар өзгөчө болорун белгиледи.

“Директорлордун коррупциялык көрүнүштөргө аралашып, кармалышы бүтүндөй билим берүү тутумуна доо кетирди. Биз бүгүн мындай фактыларга кескин бөгөт коюу иретинде чогулуп отурабыз. Айрым мектептер “үй-бүлөлүк вотчинага” айланып, жакын туугандары иш процессине аралашкан фактылар аныкталууда, мындан ары буга катуу чаралар көрүлөт, - деп кошумчалады министр.

Жыйынга Каныбек Иманалиев, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана башка тийиштүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, иш-чара президент Садыр Жапаровдун “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК тарабынан бир жуманын ичинде Бишкекте мыйзамсыз акча талап кылгандыгы үчүн 4 мектеп директору кармалгандыгы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий