• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна толук кандуу даярдык көрүлүүдө

Коом 0


Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш иштерине даярдыктар толугу менен жүрүүдө. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Министр белгилегендей, аталган ГЭСти куруу өлкөдөгү ири долбоорлордун бири болуп саналат.

"Бүгүнкү күндө кире бериш жолдор тазаланып, электр берүү чубалгылары жайгаштырылып, мобилдик оператордун базалык станциясы коюлду. Ошондой эле иш жүргүзүү аянты түптөлүүдө. Алдыда курула турчу Камбар-Ата-1 ГЭСи - Кыргызстандын экономикалык жактан гүлдөп өнүгүүсүнүн негизи болгон энергетикалык тармактын өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турган улуттук долбоор", - деп жазган ал.

Эске сала кетсек, эртең, 8-июнда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталат.

Пикир

Оставить комментарий