• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

13-октябрда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-октябрда Бишкек шаарынын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 9:00дөн 24:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жайда суу өчүрүлөт. Суу «Гагарин» суутоптомолору жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймакта суу токтотулат:

  • Ала-Арча суусу - темир жол линиясы – Жибек Жолу проспектиси – Жаш Гвардия бульвары;
  • Жаш Гвардия бульвары - темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий