• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Айдоочуларга эскертүү! "Сосновка" посту эки тараптуу жабылды

Коом 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 17-апрелде саат 15:30дан тартып Бишкек - Ош унаа жолунун 80-чакырымындагы "Сосновка" посту эки тараптуу жабылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аба ырайына байланыштуу жол кырсыгын болтурбоо, адам өмүрүнө зыян келтирбөө үчүн баардык унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

"Азыркы учурда аталган жолдун бийик тоолуу аймактарында кар жаап, бороон болуп жатат. Төө-Ашуу ашуусунда №9 жол тейлөө ишканасынан бир жүк жүктөгүч, грейдер, "Урал" унаасы тартылып, жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Өткөрмөдө 19 оор жүк ташуучу автоунаа токтоп турат. Андыктан алыска сапар тартуу алдында аба ырайы тууралуу маалыматтарга көңүл бурууну сунуштайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий