• 87
  • 90.41
  • 0.84

Атасына 15 миң сом айып салынды. Ошто 7-класстын окуучусу унаа башкарган

Коом 0


Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Ошто айдоого укугу жок өспүрүмгө унаа бергендиги үчүн атасына 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда 7-класстын окуучусу жаш балдарды салып алып, күбөлүгү жок унаа башкарып жатат деген видео тараган.

"Бул маалымат боюнча Ноокат районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, унааны таап, айдоочусу жаш өспүрүм болгондуктан, ага унааны башкарууга бергендиги үчүн атасына 15 миң сом айып салынды. Ал эми унаасы айып короо жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

ЖКККББ ата-энелерден балдарды кароосуз калтырбоону жана айдоочулук күбөлүк алмайынча аларга унаа каражатын башкарууга бербөөнү өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий