• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Экономика министрлиги "Дордой жана "Кара-Суу" базарларындагы салык режими боюнча маалыматтык ролик жарыялады

Экономика 0


Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги "Дордой" жана “Тураталы эл базары" (Кара-Суу) базарларындагы салык режими боюнча маалыматтык ролик жарыялады.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 457-беренесинде стратегиялык объекттерге таандык рыноктордо өз ишин жүзөгө ашырган салык төлөөчүлөр үчүн өзгөчө салык режими каралган. Булар "Дордой" жана "Тураталы эл базары" (Кара-Суу) базарлары.

Бул салык киреше салыгын, сатуу салыгын жана КНСти алмаштырат жана акциздик жана атайын лицензияларды же уруксаттарды талап кылгандардан башка товарларды сатууга карата колдонулат.

Салык төлөөчү өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салык төлөөчү катары мындай иш башталганга чейин өзгөчө режимдеги соода зонасы жайгашкан жердеги салык органына Салык кызматы бекиткен формада арыз берүүгө милдеттүү.

Салыктын ставкасы учурдагы календардык жыл үчүн алууга пландалган түшкөн акчанын билдирилген көлөмүнө жараша бир соода түйүнүнө төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
1) 4 млн сомго чейин лотоктордо, прилавкаларда, чатырларда, кол арабаларда, бастырмаларда – жылына18 миң же айына 1,5 миң сом;
2) 8 млн сомго чейин – жылына 42 миң сом же айына 3,5 миң сом;
3) 8 млн сомдон 15 млн сомго чейин – жылына 96 миң сом же айына 8 миң сом;
4) 15 млн сомдон 22 млн сомго чейин - жылына 168 миң сом же айына 14 миң сом;
5) 22 млн сомдон 30 млн сомго чейин – жылына 252 миң сом же айына 21 миң сом;
6) 30 млн сомдон 50 млн сомго чейин – жылына 360 миң сом же айына 30 миң сом;
7) 50 млн сомдон 100 млн сомго чейин – жылына 500 миң сом же айына 41,6 миң сом;
8) 100 млн сомдон 150 млн. сомго чейин – жылына 800 миң сом же айына 66,6 миң сом;
9) 150 млн сомдон 200 млн сомго чейин – жылына 900 миң сом же айына 75 миң сом;
10) 200 млн жана андан жогору – жылына 1 млн сом же айына 83,3 миң сом.

Өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салык үчүн салыктык мезгил болуп бир календардык жыл эсептелет.

Салык кодексинин 457-беренесин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы №575 токтому менен Соода зонасынын аймагын өзгөчө режим менен орнотууга талаптар, анын ичинде тосмого талаптар бекитилген.

Ошондой эле ушул токтомго ылайык ишкердик субъекттери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында өзгөчө режимдеги соода зоналарында иш жүргүзгөн субъекттердин ортосунда товарларды сатууда эсеп-фактураны тариздөөгө талаптар коюлбайт.

Ошол эле учурда товарлар Кыргыз Республикасынын калган аймагына сатылса, эсеп-фактура салык мыйзамдарына ылайык таризделүүгө тийиш.

Өзгөчө режимдеги соода зоналарында иш салык төлөөчү тарабынан товарларды сатуу контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон жүргүзүлөт.

Өзгөчө режимдеги соода зоналарында иш салык төлөөчү тарабынан товарларды сатуу контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий