• 87
  • 90.41
  • 0.84

Айгүл Жапарова: Кыргызстан биринчи “Тоо жаштарынын Дүйнөлүк фестивалын” өткөрүүнү демилгелеп жатат

Коом 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. “Эксперттик диалогду, климаттык дипломатияны өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, тоолуу өлкөлөрдүн жаштарынын демилгелерин колдоо үчүн каржылоону тартуу, тоо экосистемаларын коргоо боюнча экологиялык долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу үчүн аянтчаны түзүү максатында биз Кыргыз Республикасында биринчи “Тоо жаштарынын Дүйнөлүк фестивалын” өткөрүүнү демилгелеп жатабыз”, - деп Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Азербайжандын Баку шаарында КОП29дун алкагында жаштардын экологиялык билимине арналган иш-чарада билдирди.

Биринчи айым бүгүнкү күндө алдыбызда жаш кезден баштап коомдо жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле жасоо боюнча маанилүү милдети турарын айтты. Ар бир адам климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө өз салымын кошуусу абзел. Ал эми жаштар өзүнүн инновацияга умтулуусу, кайраттуулугу жана байланыш көндүмдөрү менен бул процесстерге олуттуу таасир тийгизе алган чоң күч болуп саналат.

Ал жаштарды экологиялык долбоорлорго активдүү тартуу максатында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын март айында “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын демилгелегенин айтып берди.

Айгүл Жапарова бул кампания токой катмарын көбөйтүүгө жана тоо экосистемаларын коргоого багытталган практикалык чараларды ишке ашыруу үчүн жаштардын, жарандык коомдун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кеңири масштабдуу коомчулугун түзүүгө багытталганын белгиледи. Программа ошондой эле өлкөдөгү жаратылышты коргоо жана токой ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жаатында жаштардын илимий-теориялык деңгээлин жогорулатат. Анын алкагында семинар жана тренингдер аркылуу жаштарды экологиянын, туруктуу өнүгүүнүн жана курчап турган чөйрөнү коргоонун негиздерине окутуу жүргүзүлөт, бул алардын бул жааттагы потенциалын жана билимин өнүктүрүүгө жардам берет.

““Жашыл” билим берүү стратегиясын жана туруктуу өнүгүү маданиятын ишке ашыруу үчүн мектептик билим берүү системасы туруктуу өнүгүү маданиятын түзүүгө жана окуучуларды климаттык күн тартибине тартууга комплекстүү мамилени талап кылат. Мектепке чейинки билим берүү системасында экологиялык көндүмдөрдү калыптандыруу таанып-билүү жана изилдөө ишмердүүлүгүн, ошондой эле эксперименттерди жана тажрыйбаларды, кырдаалдык маектешүүлөрдү, жаратылышты коргоо акцияларын, көркөм адабияттарды окууну жана башка креативдүү педагогикалык ыкмаларды киргизүүнү талап кылат.

Региондун “жашыл экономикага” өтүүсүн эске алып, бизде кесиптик билим берүүнүн бардык этаптарында билим берүүнүн мазмунуна өзгөртүүлөр киргизилип, “жашыл экономиканын” артыкчылыктуу тармактары үчүн кадрларды даярдоого түздөн-түз байланышкан жаңы багыттарды киргизүү зарыл”, - деп Биринчи айым баса белгиледи.

Сөзүнүн жыйынтыгында Айгүл Жапарова бардык мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды жаштар менен кызматташууга, аларга экологиялык саясатты иштеп чыгуу иштерине катышууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий