• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Чүй облусундагы мектеп лагерлеринде 8 миңден ашуун окуучу эс алды

Коом 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Чүй облусундагы 205 мектеп лагеринде 8 миңден ашык башталгыч класстын окуучулары эс алышты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын жайкы эс алуусун уюштуруу максатында облустун 205 мектебинде башталгыч класстардын окуучулары үчүн мектеп лагерлери уюштурулган. Аларда бардыгы болуп 8374 окуучу эс алды.

Мектептин жайкы лагерлеринин күнүмдүк программасында ар кандай сүрөт сабактары, мээнин оң жана сол жарым шарларын активдештирүү жана өнүктүрүү үчүн атайын жасалган көнүгүүлөр, геометриялык фигуралардан жаныбарларды, адамдарды жана тиричилик буюмдарын жасоо, ошондой эле ден соолукка пайдалуу гимнастикаларды жасоо, оюндар жана сейилдөөлөр камтылган.

Ошондой эле Чүй облусунун 320 окуучусу Ысык-Көлдүн жээгиндеги популярдуу "Алтын Балалык" жайкы лагеринде эс алышты. Мындан тышкары, бир катар айыл өкмөттөр аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын, спортто жана окууда өзүн көрсөткөн мектеп окуучуларын Ысык-Көлдө эс алдырышты.

Пикир

Оставить комментарий