Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин мурдагы башчысы Абдыкалык Рустамовдун иши сотко өткөрүлдү. Бул маалыматты Биринчи май райондук сотунан ырасташты.
Биринчи май райондук сотунан белгилешкендей, баштапкы соттук отурумдар 5-декабрга белгиленген. Белгилей кетсек, баштапкы соттук отурумдар жабык өтөт.
Эскерте кетсек, быйыл жайында Рустамов менен анын жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалган.
Пикир
Оставить комментарий