• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Айланма жолдо мыйзамсыз күйүүчү май саткан жарандарга айып салынып, 2,2 тонна май алынды

Коом 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Айланма жолдо мыйзамсыз күйүүчү май саткан жарандарга айып салынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облустук милициясы Салык кызматы менен биргеликте жол жээгинде мыйзамсыз күйүүчү май саткан жарандарга карата рейд жүргүздү. Текшерүү иштери жол жээктерин иретке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

Жыйынтыгында эч кандай коопсуздук эрежелерин сактабай Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунда желим бөтөлкөлөргө күйүүчү май куюп, мыйзамсыз сатып жаткан 5 жаранга 3 миң сомдон айып салынып, жалпы 2 тонна 200 литр күйүүчү май алынды.

Пикир

Оставить комментарий