• 87.9
  • 95.55
  • 0.99

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюуга багытталган мобилдик тиркеме иштелип чыгууда

Коом 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюуга багытталган мобилдик тиркеме иштелип чыгууда.

Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, ведомство тарабынан зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга тез жардам берүү максатында Түркиянын Ички иштер министрлиги тарабынан сунушталган “Кадес” мобилдик тиркемеси иштелип жана жакынкы аралыкта ишке киргизүү үчүн тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Бул “Кадес” мобилдик тиркемесин уюлдук телефонго App Store и Google Play аркылуу бекер жүктөп алса болот. Жүктөгөндөн кийин, өзү жөнүндө толук маалыматы (аты жөнү жана геолокациясын) киргизиши шарт, андан соң, телефонго код менен СМС жөнөтүлөт жана орнотулгандан кийин экранда баскыч пайда болот.

“Кадес” мобилдик тиркемеси аркылуу аялдар жана кыздар физикалык зомбулукка кабылган учурларда гана эмес, сексуалдык зордук-зомбулукка, асылууга, аңдууга жана башка кооптуу кырдаалдарга учураган учурларда жардам сурай алышат.

Эгерде зордук-зомбулук аракеттерин жасаган кырдаалга туш болсо же кандайдыр бир коркунуч сезилсе (мисалы, ээн караңгы көчөдө), жөн гана телефонго жүктөлгөн тиркемени ачып, экрандагы баскычты басат. Ошол замат жардам баскычы дароо милициянын операторуна жөнөтүлөт (жайгашкан жериңизге жараша), жакын арадагы кайгуул же милиция кызматкерлери тез аранын ичинде геолокация аркылуу келет жана жардам көрсөтөт.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө, ар бир үй-бүлөнүн коопсуздугун камсыз кылууда коом жана башка уюмдар менен кызматташууга даяр экендигин билдирет.

Пикир

Оставить комментарий