Аймактар аралык каттамдардын айдоочуларына 5 күн ичинде 201 миң сом айыппул салынды

Коом 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Аймактар ортосунда жүргүнчү ташып иштеген айдоочуларга санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбагандыгы үчүн 201 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Транспорт жана жолдор министрлигинин Транспорттук көзөмөлдү координациялоо бөлүмүнүн башчысы Нурбек Капетов билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча 2 миң 816 унаа текшерилген.

20-июндан тарта айдоочуларга Транспорт министрлиги тарабынан 99 миң сомго, Санитардык-эпидемиологиялык станция тарабынан 102 миң сомго айыппул салынган.

Пикир

Оставить комментарий