• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Аймактарды өнүктүрүү: Араванда чыккан сары таш Өзбекстан менен Казакстанга сатылууда

Аймак 0

Ош, 05.08.19. /Кабар/. Ош облусунун Араван районунда бир топ ишкерлер сары таш иштетүүчү чакан ишкана ачышкан.

Заводдун аткаруучу директору Рашидбек Турсуновдун айтымында, Өзбекстан менен Казакстандан сары ташка болгон суроо-талаптын көп болушу заводдун ачылышына түрткү болгон.

"Аравандын сары ташы – Кыргызстанда гана бар өзгөчө таш. Андан жасалган продукцияны коңшу мамлекеттерде да балашат. Биздин сары ташты өзгөчө курулуш материалы катары таанышат. Мындан улам завод ачууну туура көрдүк", - дейт ал.

Турсунов, ишкана 2019-жылы ачылганын белгиледи. Ишканадагы жабдыктарды Түркиядан сатып алышкан.

"Ишканага 40 миллион сомго жакын каражат жумшалды. Анда 25тен ашык киши иштеп келет. Буйрутмалар Өзбекстан менен Казакстандан келип турат. Учурда Россияга да сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакын арада заводдун өндүрүмдүүлүгүн көбөйтүүнү көздөп жатабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий