• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Милиция Лейлектеги базарда эл менен жолугуп, чагымчыл маалыматтарга ишенбөөнү эскертишти

Аймак 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Исфана шаарынын базарында милициянын көчмө кабылдамасы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө, - деп билдирет Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуяга байланыштуу милиция кызматкерлери WatsApp тиркемесиндеги тайпаларда тарап жаткан чагымчыл маанидеги маалыматтарга ишенбөөнү, коомдук кырдаал туруктуу экендиги боюнча элдерге түшүндүрүштү.

Ошондой эле жергиликтүү тургундарга Лейлек районунун чектешкен аймактарында милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында кайгуулдарда жүрүшкөндүктөрүн эскертүүдө.

Базарда жүргөн сегиз жаран социалдык мааниде кайрылуу жасап, милициянын көчмө кабылдамасы менен тыгыз иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий