• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Аймактарды өнүктүрүү: Сузак району консерваларды, мөмө ширелерин жана кайнатмаларды экспорттоодо

Аймак 0

Жалал-Абад, 02.08.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жергиликтүү ишкер Абдыкапар Каипов өнөктөштөрү менен биргеликте айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү ишкана ачкан.

Анын айтуусу боюнча, завод күнүнө 300 тонна айыл чарба азыгын иштетүүгө ылайыкташтырылган. Бирок чийки зат жетишсиз болгондуктан азырынча завод толук кандуу иш алып бара элек.

“Биздин ишкана кайра иштетүү жаатында чоң потенциалга ээ. Негизги чыгарылган азыктар - мөмөлөрдүн ширелери, кыямдар, томат ширелери ж.б. Биз мөмө-жемиштерди, жаңгактарды кайнатмалар үчүн кайра иштетебиз. Жалпысынан чыгарылган азыктар экспортко багытталган. Өндүрүлгөн азыктардын 70%ы тышкы рынокторго жөнөтүлөт. Негизинен Россия, Германия, Голландия жана коңшу өлкөлөргө жөнөтүлөт. Европага ташууда өлкөнүн ЖПС+ макамын колдонобуз”, - дейт ал.

Анын айтуусу боюнча, ишкана 50 адамды жумуш менен камсыз кылууда.

Пикир

Оставить комментарий