Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында МККнын кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен жолугушууда

Аймак 0

Бишкек, 20.06.18. /Кабар/. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Мамлекетитик каттоо кызматынын кызматкерлери калкка жеринен кызмат көрсөтүү максатында Ак-Суу районуна караштуу Ак-Чий жана Отрадное айыл аймактарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калкты тейлөө борборунун Каракол-Ак-Суу аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгы, райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү, автоунаа каттоо, айдоочулук күбөлүгүн берүү бөлүмүнүн жетекчилери жана кызматкерлери жергиликтүү тургундардын ар биринин суроолоруна жооп беришти.

“Тейлөө борбору бирдиктүү терезе принциби менен иштеп, жарандарга документтерди жана мамлекеттик кызматтарды алууга ыңгайлуу шарт түзөт. Өлкө боюнча жалпысынан 17 калкты тейлөө борбору, 363 чакан маалымат бөлүмдөрү бар. 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен 200 миңден ашык кызмат көрсөтүлгөн. Ал эми Каракол-Ак-Суу аймагында 12 маалымат бөлүмү иштейт. Бул бөлүмдө паспорт алуу, жер тилкелеринин документтерин тактоо жана башка бир катар маселелер боюнча адистер кызмат кылат”, -деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий