• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Төрага Анкара шаарындагы Этимесгут районунун делегациясын кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.07.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 20-июлда Түркиянын ордо калаасы Анкара шаарындагы Этимесгут районунун расмий делегациясын кабыл алып, эки тараптуу кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү жаатында пикир алышты. Делегациянын курамында Анкаранын Этимесгут районунун мэри Энвер Демирел, муниципалитеттин өкүлдөрү, райондук кеӊештин депутаттары бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков меймандарды Режеп Тайип ЭрдогандынТүркиянын президенти болуп шайланышы жана парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Ал абалтадан келаткан боордоштук салтка, өнөктөштүк байланыштарга таянган эки тараптуу кыргыз-түрк мамилелеринин пайдубалы бекем экенин, Кыргызстан үчүн Түркия эӊ ишенимдүү өнөктөш өлкөлөрдүн бири болуп санала турганын баса белгиледи.
«Эки өлкөнүн ортосунда көп жылпылыктары бар: биз – бир атанын балдарыбыз, тилибиз менендилибиз, маданиятыбыз менен салт-санаабыз дагы окшош. Түркияда шаарлар менен мунипалитеттерди жигердүү өнүктүрүү маселесине өзгөчө көӊүл бурулап жатканы байкалат. Кыргызстан дагы чакан шаарларды өнүктүрүү аракетин жасоодо. Силер бул багытта мол тажрыйба топтоп калдыӊар. Ошондон улам, силерди биздин шаарлардын муниципалитеттери менен жакындан кызматташуу менен, ырааттуу жолугушууларды өткөрүп, инфратүзүмдөрдү жакшыртуу, жол куруу жаатында өз ара тажрыйба алмашууга чакырам», - деди Дастанбек Жумабеков.
Ошондой эле, Төрага жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын ортосундагы алакаларды арттырууга да кызыкдар экенин билдирди. Анын пикиринде, мыйзам актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча тажрыйба алмашуу региондордун өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Ал эми Этимесгут районунун мэри Энвер Демирел түрк делегациясын жылуу кабыл алганы үчүн Төрагага ыраазычылык билдирип, анын көӊүлүн эки өлкөнүн ортосундагы көп тармактуу жана көп багыттуу кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү зарылчылыгына бурду.

Пикир

Оставить комментарий