• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Аймактык медиаборборлорго санитардык эрежелерди сактоого чакырган түз эфирлерди уюштуруу сунушталды

Коом 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу аймактык медиаборборлордун башкы директорлору менен жолугушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда COVID-19 илдети менен калктын кайрадан массалык түрдө оорушуна жол бербөө максатында аймактык телеканалдардын эфиринде COVID-19 жана пневмониядан айыккандарды реабилитациялоо, ар бир жарандын коомдук жайларда, транспортто санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин алгоритмин так аткаруу зарылдыгын белгилеген маалыматтык сюжеттерди жана түз эфирлерди уюштурууну күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Жолугушууда эксперттердин божомолу боюнча, коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу күтүлүп жаткандыгы айтылды.

Чыңгыз Эсенгул уулу коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы, кафе жана ресторандарга элдин көп баруусу сентябрь айынын аягында элдин массалык түрдө оорушуна алып келүүсү ыктымал экендиги республикалык оперативдүү штабда айтылгандыгын билдирип, кафе, ресторандарда куран окутуп, ар кандай мааракелерди өткөргөндөр үчүн жазаны күчөтүү боюнча өкмөт тарабынан чечкиндүү аракеттер жүргүзүлө тургандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий