• 87
  • 90.41
  • 0.84

Аймактык ЖМКларда реформа жүргүзүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 15.12.17 /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде мамлекеттик, облустук телерадиокомпаниялардын жетекчилери менен биргеликте жыйын өттү. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, анда жакында мамлекеттик ЖМКлар арасында жүргүзүлө турган маселелер талкууланды.

Министр Султан Жумагулов Өкмөттүн тапшырмасы менен облустук борборлордо мамлекеттик телерадиокомпаниялар алдында медиа-борбор түзүлөөрү, анда маалымат кызматтары көрсөтүлө тургандыгы тууралуу маалымдады.

“Медиа тармак күндөн күнгө заман талаптарына ылайык өзгөрүп жатпайбы, рынок шартында жашап кетүү үчүн салттуу медиа тармакты өзгөртүү зарылдыгы туулду, ”-деди Султан Жумагулов.

Аталган тапшырманы ишке ашыруу үчүн атайын программа түзүү менен мамлекеттик ЖМКларда реформа жүргүзүүнү тапшырды. Реформанын максаты - 34 райондук жана 12 облустук гезиттер, ошондой эле 6 облустук телеканалдарга бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттарын ирээтке салуу.

Пикир

Оставить комментарий