• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Долон ашуусун кардан тазалоо иштери жүрүүдө – "Кыгызавтожол"

Коом 0

Бишкек, 09.11.22. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306- чакырымында (Долон ашуусу) жолду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ашууну тазалоо иштерин №41 жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө, учурда кардын калыңдыгы 10-15 см түзөт.

"Аба-ырайынын шарттарына байланыштуу жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн ала жүрүүнү сунуштайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий