• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нургүл Бакирова: Аудио жана видео жаздыруу элдин сотко болгон ишенимин жогорулатат

Коом 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Бүгүн,10-сентябрда КР Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Бишкекте өткөн “Ааудио-видео жаздыруу - сотко ишенимди жогорулатуу куралы” деген аталыштагы тегерек столго катышты. Бул тууралуу ЖСнын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага КР Конституциялык сотунун төрагасы Карыбек Дүйшеев, Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Жеенчороев, КР президентинин администрациясынын министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Адыл Эстебесов, ошондой эле сот корпусу, КР адвокатурасы, Башкы прокуратуранын, мамлекеттик органдардын, бирикмелер жана уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Тегерек столдун ишин Нургүл Бакирова ачып, аудио жана видео жазууну киргизүү сот адилеттигин ишке ашыруу процессин жөнөкөйлөтүп, сот өндүрүшүн оптималдаштырат жана автоматташтырат, ошондой эле бюджеттик каражаттарды үнөмдөй тургандыгын белгиледи. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда аймактык жана уюштуруучулук тоскоолдуктар жоюлуп, өз кезегинде сотко болгон ишенимдин деңгээли жана республиканын эл аралык рейтинги жогорулай тургандыгын кошумчалады.

Мындан тышкары, аудио жана видео жаздыруунун алкагында сотторду чет мамлекеттердин мисалында видеоконференц-байланыш системасы менен жабдуу аркылуу сот адилеттигин аралыктан жүргүзүүнү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү иштелип чыгары айтылды.

Төрайым республикада соттук отурумдарга аудио жана видео жазуу системасын киргизүү жана колдонуу мамлекеттик бюджеттин эсебинен этап-этабы менен жүргүзүлүп, учурда АВФ 63 соттун 157 сот залына орнотулгандыгын белгиледи.

Тегерек столдун алкагында катышуучулар сот адилеттигин ишке ашырууда санарип технологиялар: негизги тенденцияларга жана эл аралык тажрыйбага сереп салуу, АВФтин тажрыйбасы жана биринчи инстанциядагы соттордо колдонулушу, аны колдонуунун ченемдик жана укуктук бөлүгүн талкууга алышты.

Белгилей кетүүчү жагдай, иш чара USAID-IDLOнун КРнын сот системасына элдин ишенимин жогорулатуу программасынын колдоосу алдында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий