• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чек арадагы чатактан жараат алган 10 адам учак менен Бишкекке жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында чыккан чатактан жараат алган 10 жаран КР Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен Бишкекке жөнөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Аларга Бишкектеги медициналык мекемелерде керектүү жардам көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, кечээ 16-сентябрь күнү кыргыз-тажик чек арасында болгон ок атышуудан 13 жаран ар кандай жаракат алган. Алардын ичинен 10 киши дарыланууга Бишкекке жөнөтүлдү.

Жеринде премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жүрөт, ал чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуп, ооруканадагы жабыркагандардан кабар алып, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий