• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү Аскер институтунун курсанттарына сабактарды өткөрүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу, ага жол бербөө жана бөгөт коюу максатында Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери маршруттук айдоочуларга, автомектептерге, шаардык транспорт башкармалыгына ар дайым чогуу кызматташып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жолу кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генерал-лейтенанты Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда билим алган курсанттарга жолугуп, “Транспорт каражаттардын техникалык коопсуздугу” аталышында ачык сабак өткөрүп, курсанттар менен маектешүү жүргүзүлдү.

Жолугушуу учурунда курсанттар аскер техникалар менен иштешүүдө же аларды окуп үйрөнүүнү практика жүзүндө көрсөтүүдө, коопсуздук эрежелерин сактоо керек экендигин, эрте менен транспорт каражаттарына отурууда алардын техникалык абалына көз чаптырып, кемчиликтерин жеринен орундатуу менен аскердик техникалык каражаттардын техникалык абалын дайыма оң абалда кармап туруу зарыл экендигин белгилешти.

Жолугушуу суроо-жооптор менен коштолуп, курсанттарга Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн ички жана тартиптик уставдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жоруктар жана бузуулар кодекстеринин талаптарын аткаруу багытында ой-пикрлер айтылды.

Пикир

Оставить комментарий