Чүйдөгү археологиялык объектилер, маданият жана искусство мекемелеринен кабар алынды

Аймак 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Маданият министринин орун басары Айнура Аскарова Жогорку Кеңештин депутаттары жана президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен биргеликте Чүй облусунун маданият жана искусство мекемелерине барды.

Министрликтен билдиришкендей, алар Чүй боорунда жайгашкан Невакет, Суяб Ак-Бешим, Баласагын-Бурана археологиялык объектилерин кыдырды.

Көчмө жыйындын катышуучулары ошондой эле Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы С.Чокморов атындагы райондук маданият үйү, Чүй облустук китепканасы жана Токмок шаарындагы маданият үйү, Балдар музыкалык мектебинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Көчмө жыйын аймактардагы маданиятты өнүктүрүү жана колдоо үчүн алгач алардын жетишсиз жактарын толуктоо, маданий жайларды оңдоо, жакшыртуу маселелер курч болгондуктан, ар бир объект менен жеринен таанышуу үчүн уюштурулду.

Мындай көчмө жыйындар ар бир аймакта уюштурулат жана анын жыйынтыгы менен республика боюнча маданият жана искусство мекемелерин колдоо боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий