• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Айсулуу Мамашова: Кыргызстан башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишпейт

Саясат 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова Европарламенттин “Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы” резолюциясы боюнча “Кабар” агенттигине өз пикирин билдирди.

“Кыргызстан башка мамлекеттерде орун алып жаткан окуялар боюнча резолюция кабыл албайт жана башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишпейт. Мен Жогорку Кеңеште депутат болгон жылдарда бир да жолу бул өңдүү резолюциялар кабыл алына элек.

Тышкы иштер министрлигинин Европарламентке расмий түрдө жооп бериши, биздин дипломаттардын мамлекеттин тышкы саясатын жүргүзүүнү мыкты билеринен кабар берет”, - деп белгиледи депутат.

Эске салсак, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясын Кыргызстандын укук коргоо жана сот органдарына басым жасап жаткан аракети катары баалай тургандыгын билдирген. Европарламенттин депутаттарынын диалогду күчтүү позициядан өткөрүүгө умтулуусу Кыргыз Республикасынын эгемендигине шек туудурат жана Кыргызстан менен Европарламенттин ортосунда акыркы он жылдыкта калыптанып калган кызматташтыкка жана өнөктөштүккө доо кетирет.

Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптын өз ара урматтоо жана ички иштерге кийлигишпөө принциптерине негизделген ачык жана тең укуктуу диалогго даяр экендигин дагы бир жолу баса белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий