• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Айсулуу Тыныбекова бир аз тыныгуудан кийин килемге кайтып келерин айтты

Спорт 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Жакында эле Кыргызстандын Күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча боюнча вице-президенти болгон Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү калтырып, анда бир аз убакыттан кийин килемге кайтып келерин айткан.

Ал өзүнүн билдирүүсүндө федерациянын вице-президенти кызматы ал үчүн жөн гана жаңы кызмат эмес, кыялдарын ишке ашыруу үчүн маанилүү жоопкерчилик жана мүмкүнчүлүк экенин жазган.

"Сиздер менен жакшы кабар менен бөлүшөйүн деп турам.

КР Күрөш федерациясынын кезексиз жыйынында федерациянын мүчөлөрү, улуттук курама команданын машыктыруучулары жана калыстар чогулуп, мага федерациянын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти милдети тапшырылды.

Мен үчүн бул жөн гана жаңы кызмат эмес – бул Кыргызстандагы кыз-келиндер күрөшүнө байланышкан кыялдарымды жана пландарымды ишке ашыруу үчүн маанилүү жоопкерчилик жана мүмкүнчүлүк. Мен өзүмдүн тажрыйбам жана колдооңуздар менен биздин спортчуларды шыктандырып, туура жолго сала алам деп ишенем, алардын профессионалдык өсүшүнө шарт түзүп, командалык духубузду бекемдей алам. Кыз-келиндер күрөшүнүн чоң потенциалы бар жана биз биргеликте мындан да көп ийгиликтерге жетишип, күчтүү жана максаттуу чемпиондордун жаңы муунун тарбиялайбыз деп ишенем.

Ошондой эле мен спортто кааларымды айткым келет. Бир аз тыныгуудан кийин килемге кайтып келип, өлкөбүз үчүн мелдешти улантам.

Мага ишенип, бул жолду мени менен бөлүшкөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирем", -деди спортчу.

Пикир

Оставить комментарий