• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дэйна Уайт: Нурмагомедов менен Фергюсондун беттешин өткөрүүгө даярдыктар жүрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 30.10.19. /Кабар/. UFC уюмунун жетекчиси Дэйна Уайт Хабиб Нурмагомедов менен Тоню Фергюсондун беттешин өткөрүүгө даярдыктар жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазып чыкты.

Октябрь айынын ортосунда Нурмагомедов кийинки каршылашы америкалык Тони Фергюсон болорун айтып чыккан.

"Тониден башка бир дагы мушкер жок. Ал мени менен беттешүүгө татыктуу", - деген россииялык мушкер.

Эми UFC уюмунун жетекчиси Дэйна Уайт эки мушкердин беттешин өткөрүүгө даярдыктар жүрүп жатканын айтып, ал сөзсүз болорун белгилеген.

"Эки мушкердин беттешин өткөрүүгө эч кандай тоскоолдуктар жок. Учурда таймашты өткөрүүгө даярдыктар жүрүүдө. Ал беттеш сөзсүз болот", - деген Дэйна Уайт.

Анын айтымында, Нурмагомедов менен Фергюсондун таймашы эмки жылдын биринчи чейрегинде өтөт.

Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов 8-сентябрда Абу-Дабиде өткөн UFC мелдешинде Дастин Порьени жеңип, чемпиондук курун сактап калган.

Пикир

Оставить комментарий