• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандык парадзюдочулар Германияда өтчү эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын парадзюдо боюнча улуттук курама командасы Гейдельберг шаарында (Германия) өтө турган Эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 13-19-февраль күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

- 48 кг Хайитхон Хусан кызы, Фердауза Убакирова;
- 60 кг Темирлан Абдикаримов, Алихан Жумагулов;
- Мезина Максатбекова дарыгер.

Курама команда Эл аралык мелдешке башкы машыктыруучу Канатбек Имияновдун жетекчилиги алдында катышат.

Пикир

Оставить комментарий