• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

2023-жылы Баткен облусу боюнча 6,2 миңден ашуун ККМ аппараты катталды

Аймак 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. 2023-жылы Баткен облусу боюнча жалпы 6 миң 238 көзөмөл-кассалык аппараты (ККМ) катталды. Бул тууралуу облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча коллегияда айтылды.

Маалыматка ылайык, анын ичинен аппараттык ККМ – 3 290, мобилдик ККМ – 2 948. Салык төөлөчүлөрдүн ичинен 6008 субъектиге ККМ орнотулуп активдештирилди.

2023-жыл ичинде жалпысынан Баткен облусуна 2264,8 млн сом салык төлөмдөрүн жана башка жыйымдарды жыйноо план катары жеткирилген болсо, чындыгында 2366,8 млн сом чогултулуп, план 104,5%, же болбосо планга салыштырмалуу 102 млн сомго көп чогултулган.

Республикалык бюджетке 1276,5 млн сом жыйымдарды жыйноо план катары жеткирилген болсо, чындыгында 1299,9 млн сом чогултулуп, план 101,8% аткарылды же болбосо 23,4 млн сомго көп жыйналды.

Жергиликтүү бюджетке болсо 988,4 млн. сом жыйымдарды жыйноо план катары жеткирилген болсо, чындыгында 1067,3 млн сом чогултулуп план 108% аткарылып ,78,8 млн сом көп чогултулду.

Пикир

Оставить комментарий