• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Баткен облустук усулдук борборунун 10 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Баткен облустук усулдук борборунун 10 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев катышып, аталган мекемени мааракелери менен куттуктап, бир катар алдыңкы мугалимдерди өкүлчүлүктүн атайын сыйлыктары менен сыйлады.

Баткен облусундагы билим берүүнүн сапатын көтөрүү билим берүү усулдук борборунун башкы максаты болгон. 2006-жылга чейин аймакта билим берүү тармагындагы эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп, мугалимдердин квалификациясынын жогорулатуу, педагогдорго жергиликтүү курстарды уюштуруу, алардын иш тажрыйбасын кеңейтүү үчүн усулдук жардам берүү мезгил талабы болгон. Ошондуктан аталган борбор 2008-жылы түзүлгөн.

Усулдук борбор 10 жыл аралыгында республикадагы алдыңкы мугалимдерден турган күчтүү, тажрыйбалуу демилгечи, тренерлердин командасын түзгөн.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча бир топ долбоорлор ишке ашып, жалпысынан 5000ге жакын мугалимдер окуудан өтүштү. Мугалимдердин иш тажрыйбасын байытуу, жаңы усулдар менен иштөөсүн камсыз кылууда эл аралык ЮНИСЕФ, ЮСАИД уюмдардын каржылык көмөгү менен бир катар долбоорлор ишке ашкан.

Ал эми учурдагы эмгек миграциясынын күч алгандыгы, турмуш шарты оор балдарга жетиштүү көңүл бурулбай жаткандыгы жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун көп катталып жаткандыгын эске алуу менен мектептерге соцалдык педагогдорду тартуу үчүн соц педагогдор окутуудан өтүп, алыскы аймактагы, борборго келүүгө шарты жок мугалимдерди жер-жерлерде окутуу уюштурулган.

Мына ушундай окутуулардын натыйжасында билим берүүнүн деңгээли өсүп, сапаты бир топ жогорулады.

Пикир

Оставить комментарий