• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда 1-июлдан тарта тойканалар жабылып, жекшемби күндөрү коомдук транспорт иштебейт

Аймак 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 30-июнда Жалал-Абад шаардык ыкчам штабынын жыйыны болду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйында шаардагы соңку эпидемиологиялык кырдаал талкууланып, бир катар чечимдер кабыл алынды.

Ага ылайык, тойканалар 1-июлдан тарта белгисиз мөөнөткө ишмердүүлүгүн токтотот. Ал эми коомдук тамактануучу жайлар орундуктарын 50%га кыскартуу менен таңкы саат 8:00дөн кечки саат 22:00гө чейин иштейт.

Мындан сырткары, шаар аймагындагы бардык базарлар менчигинин түрүнө карабастан, бекитилген графиктин негинде ар апта сайын бир күнгө дезинфекциялоо үчүн жабылып турат.

Ошондой эле коомдук транспорттор (кичи автобустар) жекшемби күнү каттамга чыкпайт.

Учурда COVID-19 илдети көп катталып жаткандыктан коомдук жайларда беткап тагууну көзөмөлдөө күчөтүлөт.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тийиштүү кызматтар менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы боюнча тынымсыз рейддер өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий