• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Суусамыр жана Талас облусунда жеңил унаалар үчүн каттам толук ачык

Аймак 0

Бишкек, 18.02.23. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун Суусамыр өрөөнү, Талас облусу тарапта жеңил унаалар үчүн каттам толук ачык. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Токтогул, Жалал-Абад, Ош облустары көздөй бардык унаалар үчүн кар көчкүсүнүн себебинен каттам убактылуу жабык.

"Сосновка" бекетинде жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилген.

Эскерте кетсек, Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, "Сосновка" жана "Арал" постторунда унааларга чектөө киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий