• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда мыйзамсыз иштеп келген медресе аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз иштеп келген медресе аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Жалал-Абад шаардык милициясынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Ж.Бөкөнбаев көчөсүндө Н.С. аттуу аял өзүнүн үйүндө эч кандай окутууга уруксат кагаздары жок “Илим-Хумар” аталышындагы окуу борборун иштетип жаткандыгы аныкталган.

Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 142-беренесинин (“Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу”) негизинде протокол толтурулуп, 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Пикир

Оставить комментарий