• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Баш байге батир жана автоунаа. Ошто жылдын мыкты мугалими аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 20-майда Ош шаарындагы мектеп мугалимдеринин арасында "Жылдын мыкты мугалими - 2021" кароо-сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин депутаттары, билим берүү мекмелеринин жетекчилери, мектеп мугалимдери катышты.

Таалайбек Сарыбашов салтка айланган мыкты мугалим кароо-сынагы мугалимдерге демине дем берип, стимул катары гана калыптанбастан, өздөрүнүн кесибин ардактап, балдарга билим берүүдөгү тажырыйбалары менен бөлүшүүнү камтый тургандыгын билдирди.

“Мугалим бул - балдардын сүйүүсүнө ээ болгон инсан. Сиздер ушундай даражасы бийик адамсыздар. Ошондуктан сиздерге канчалык колдоо кылсак да аздык кылат. Быйылкы жылкы уюштурулуп жаткан кароо-сынак чыгармачыл мугалимдердин демине дем, шыгына-шык кошуп алдыга карай чоң шыктанууну жаратуу үчүн уюштурулду десем жанылышпаймын. Себеби, бул жолку сынак өзгөчө багытта уюштурулуп, мугалимдерге чыныгы мугалимдик кесип барктуу экендигине баа берүүчү сынак катары өткөрүлдү. Ош шаарынын мэриясы тарабынан сынакты туура, калыс өткөрүү үчүн атайын мектепти жакындан билген, мугалимдин иш аракетин талдай ала турган кесипкөй адистерден калыстар тобу түзүлгөн. Сынакка катышкан ар бир талапкер өзүнүн аракетин, чыгармачылык дараметин, мыкты чеберчилигин жана өзүнүн чыгармачыл өнөрканасын көрсөтө алды деп ойлойм. Ошондуктан бүгүнкү өткөрүлгөн сынакты да өз демилгебиз менен уюштуруп, жеңүүчүлөрдү татыктуу белектер менен сыйлоону чечтик. Бүгүнкү сиздер ала турган батир,автоунаа жана башка баалуу белектер демөөрчүлөр жана шаардык мэрия тарабынан берилүүдө. Андыктан баардык колдоо көрсөткөн демөөрчүүлөргө чын дилден ыраазычылык билдирем”, - деди шаар башчысы Сарыбашов.

Сынакка жалпы 42 мугалим катышып, финалдык баскычка 7 мугалим чыккан. Ош шаарынын мэри демөөрчүлөр менен биргеликте жеңүүчү мугалимдерге төмөнкү белектерди тапшырды.

Сынактын баш байгесин утуп алган №52 Кыргыз-түрк достугу мектебинин мугалими Илгиз Шамырзаевге батир тапшырылды. Батир "Эмаком" курулуш компаниясынын демөөрчүлүгү менен берилди.

1-орунду Ломоносов атындагы гимназия мектебинин Кыргыз-тил мугалими Момуналиев Капар алып, автоунаа белекке алды. Автоунаа “Визион” курулуш компаниясы тарабынан берилди.

2-орунду алган №5 мектебинин биология мугалими Айдана Кадыровага Ош шаарынын мэриясынын атынан муздаткыч, компьютер, түстүү принтер жана кир жуучу машина тапшырылды.

3-орунга мэрия тарабынан компьютер, түстүү принтер жана “робот чаң соргуч” берилди. 3-орунду №38 мектебинин башталгыч класстар мугалими Мөөргүл Мамытова алган.

Мындан тышкары, "Карс" такси кызматы тарабынан 3 мугалимге Ысык-Көлгө эс алуу үчүн жолдомо тапшырылып, сынакка катышкан мугалимдер үчүн ноутбук, чаң соргучтар жана сматфондор берилди.

Пикир

Оставить комментарий