• 86.99
  • 93.47
  • 0.98

Баткенде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер окутуудан өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин демилгеси менен облус аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуудан өтүүдө.

Өкулчүлүктөн билдиришкендей, беш күндүк окутууга облустун район-шаар, айыл өкмөттөрүнөн чогулган 30 кызматкер катышууда.

Алар бизнес-план даярдоо, долбоорлорду ишке ашыруу жана ага анализ жүргүзүү боюнча кесиптик чеберчиликтерин жогорулатышат.

Өкүлдүн орун басары Тимур Мадяров бул окутуунун максаты кызматкерлердин кесиптик дараметин жогорулатуу менен аймактын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу экенин белгилеп, кызматкерлерге ийгилик каалады.

Белгиленгендей, окутуу Баткен облусунун райондорунда жана шаарларында эң келечектүү, натыйжалуу, кирешелүү долбоорлорду жеринде тандап алууга мүмкүндүк берет, ошондой эле муниципалдык кызматкерлердин долбоорлорду тандоо жана талдоо боюнча көндүмдөрүн жогорулатат.

Ал эми бизнес-план түзүү долбоорлорду иштеп чыгууда тобокелдиктерге баа берүүгө, каржылык эффективдүүлүктү жогорулатууга, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Окутууну президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Жаш ишкерлер ассоциациасы (ЖИА) менен биргеликте уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий