Кыргызстанда 18-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 18.04.23./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 18-апрелде Ош, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында +6...+11, Талас облусунда +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, абанын температурасы +6...+8 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий