• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кызыл-Кыя шаарында 65 турак үй сел кооптуулугунан корголду

Аймак 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин быйылкы жылга бекитилген "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" иш мерчеминин негизинде сел коркунучунан коргоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ведомстводон билдиришкендей, учурда Кызыл-Кыя шаарынын Чоң-Жинжиген айылында сел жүрүүчү Жин-Жиген сайын механикалык тазалоого жумуштары колго алынды.

"Аталган участкада аткарылган тазалоо иштери бүгүнкү күнгө карата толугу менен бүткөрүлүп, жалпы көлөмү 1000 метр аралыкта жумуш аткарылды. Жыйынтыгында сай жээгинде жайгашкан 65 турак үй, 3 чакырым ички чарбалык жол жана 1,3 га огород участкасы сел алып кетүү коркунучунан коргоого алынды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий