• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Тыныбекова Дүйнө биринчилигине 62 кг чейинки салмактык категориясында 1/16 финалдан тарта катышууда. Кыргыз балбаны польшалык жана молдовалык эки атаандашынын тең далысын жерге басып, таза жеңиш менен чейрек финалга өттү.

Чейрек финалда кыргыз балбаны 2:2 эсебинде украиналык Ирина Коляденкону сапаты боюнча жеңип, турнирдин жарым финалына чыкты. Ал эми финалга чыгуу үчүн күрөштө кыргызстандык спортчунун атаандашы германиялык Луиза Ниемеш болмокчу.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүүдө.

Белгилей кетсек, аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда.

Эскерте кетсек, дагы бир кыргыз балбаны Айпери Медет кызы кечээ Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, Олимпиада оюндарына жолдомо уткан. Ал эми Мээрим Жуманазарова алган жаракатынан улам чейрек финалда беттешке чыккан жок. Ошентип Жуманазарова Дүйнө биринчилигиндеги беттештерин жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий