Бишкек, 04.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын жеңип алды. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.
Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышып, япониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде утуп алды. Бул жеңиши менен мекендешибиз мелдештин чейрек финалына чыкты.
Чейрек финалда кыргызстандык спортчу белорустук Вераника Иванова менен күрөшөт.
Эскерте кетсек, спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандан 15 балбан аттанган.
Пикир
Оставить комментарий